7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нефтетрейдерлер ассоциациясы: Ноябрда дизелдин баасы 8-10 сомго чейин көтөрүлөт

1063

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы ноябр айынан тартып күйүүчү майдын баасы 9-10 сомго көтөрүлөөрүн билдирди.

Ассоциациянын президенти Канат Эшатов билдиргендей,  кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын мурда 600 доллардан алса,  сентябрда 700 долларга чыккан. Ушул учурда баалар 800-820 долларга чыкты. Бул Кыргызстанда келерки айдагы бааларга таасир этет.

«Компаниялар азыр Орусияда келишим түзсө, куду ушул өскөн баалар менен түзүлүүдө. Алар алган күйүүчү майлар ошо менен эки аптадан кийин, башкача айтканда ноябрдын баштарында келет. Натыйжада бензин менен дизелдин баалары азыркыга салыштырмалуу 8 сом 90 тыйындан баштап 9-10 сомго чейин көтөрүлөт. Ноябрдын баштарында аз-аздан кошулушу мүмкүн, бирок айдын аягында баа ушул көлөмдө өсөт», — деди ал.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы мурдагы божомолунда күйүүчү-майлоочу майлар октябрда 1,-1,5 сомго чейин баа кошорун эскерткен эле. Соңку баалар көрсөткөндөй, бул жоромол туура болуп чыкты. Муну алдын алуу үчүн бул тармактагы ишкерлердин уюму бензинге акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелдик отунду импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну Министрлер кабинетинен суранган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул күндөрү бензиндин А-95 үлгүсү 61,50 сом, А-92 үлгүсү 56,95 сом, А-80 үлгүсү 54,19 сом, дизел отуну 51,66 сомдон сатылууда.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына жалпы он чакты компания мүчө. Алардын ичинде «Газпромнефть-Азия», «Бишкек петролеум», «Роснефть», «Партнёр Нефть» сыяктуу компаниялар негизги импортерлор болуп саналат. Өлкөдө ассоциацияга кирбеген ушул багыттагы дагы бир нече ишкана өз алдынча иш алып барат.

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Быйылкы эсептер жылдын жыйынтыгында аныкталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1064