7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Непалдагы суу ташкынында каза болгондордун саны 160га жетти

14

Непалдын түндүгүндөгү Тибет менен чектеш аймакта болгон катуу суу ташкынынан каза болгондордун саны кеминде 160 адамга жетти. Жергиликтүү полиция 157 адамдын сөөгүн тапканын билдирди. Жүздөгөн адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Непалда жалпы 384 турист дайынсыз жоголгон. Алардын 291и чет өлкөлүк жарандар. Алардын арасында Индиянын 133, АКШнын 47, Австралиянын 34, Улуу Британиянын 33 жана Канаданын 24 жараны бар. Ошондой эле Украинанын 53 жараны дайынсыз экени кабарланды.

Кырсык Непалдын Гималай тоолорундагы туристтер көп барган аймактарында болгон. Бхотекоши дарыясы жээктен ашып, бир нече айылдарды, жолдорду жана гидроэлектростанцияларды суу каптаган.

Алдын ала маалымат боюнча, суу ташкынына жер титирөөдөн улам пайда болгон жер көчкү себеп болушу мүмкүн. Жер көчкү дарыянын нугун тосуп, суунун деңгээлинин кескин көтөрүлүшүнө алып келген деген божомол айтылууда. АКШнын Геологиялык кызматы бул аймакта магнитудасы 4,4 балл болгон жер титирөө катталганын билдирди.

Кырсыктан жабыркаган аймактарга Непалдын армиясы аскерлерди жана тик учактарды жөнөттү. Өлкө бийлиги Индия менен Кытайдан да куткаруу иштерине жардам берүүнү суранды.

Европа Биримдиги болсо жабыркаган аймактарды картага түшүрүп, куткаруу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн «Copernicus» спутниктик системасын иштетти.

15