7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокат райондук «Кадастр» мекемесинин чиновниктери пара берип жаткан жеринен кармалды

895

Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан 65 гектардан ашык жер аянтын жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин жер тилкелерине трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

Бул факт боюнча Ош облусунун Ноокат райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери жоопкерчиликтен качуу максатында УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан.

2-июнда УКМК кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (пара берүү) менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Н.М. жана жетектөөчү адис К.у.К. УКМКнын кызматкерине 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан учурунда кармалышты.

Кармалгандар Ош ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында жерди алдаган бир нече фактыларды документтештирүү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

896