7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта 22 баш малды уурдаган жаран кармалды

554

Ош облусунун Ноокат районунда 22 баш малды уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын сегиз тургуну 23-май күнү, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазышкан. Алар апрель айында 22 баш малын жайытка айдашып, ошол бойдон таппай калышкандыгын билдиришкен. Аталган арыздар Ноокат РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Айылдын тургундарына жалпы 1 420 000 сом материалдык зыян келтирилген. Ыкчам издөө-иш чаралары жүргүзүлүп, шектүү катары ушул эле райондун 33 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү мал базарда жана өзүнүн үйүнө мал алып сатып иштегендерди чакырып, уурдалган малдарды саткандыгы аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө 5 баш мал ээлерине кайтарылган. 

Учурда мал урулукка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

555