7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта 3 миллион сомдук мыйзамсыз сатылып кеткен жер мамлекетке кайтарылды

711

Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан социалдык инфраструктура объектисинин мыйзамсыз сатылган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 3 миллион 75 миң сом болгон 0,18 га аянттагы бала бакчанын жер тилкеси муниципалитеттин балансына кабыл алынды.

«2005-жылы «Арал» дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын токтому менен Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн менчигинде турган «Арал» бала бакчасынын 0,18 га болгон жер тилкеси жеке тарапка мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.

Жерди кайтарып алуу максатында көзөмөл органы тарабынан жогорудагы кыймылсыз мүлккө тиешелүү укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сотторго доо арыздар келтирилген», — деп билдиришти прокуратурадан.

Белгилей кетсек, соттук кароолордун жыйынтыгы менен прокуратуранын доо арыздары толук канааттандырылган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712