Бишкекте бычак саюуга шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-ноябрда 23 жаштагы Т.Г. аттуу айым арыз менен кайрылган. Болжол менен саат 03:00дө аялдын жолдошу А. аттуу чала тааныш жаран менен уруша кеткен. Натыйжады А. аттуу жаран аялдын күйөөсүнүн курсагына бычак менен сайып, андан ары качканга аракет кылган.
Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 31 жаштагы А.А. аттуу жаранды кармашкан.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 138-беренесинин (“Ден соолукка оор зыян келтирүү”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Белгилей кетсек, ал Биринчи май райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.