Бишкекте көмүр сатуучу түйүндөрдө мониторинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь жана Свердлов райондорунда жеке ишкерлер көмүрдү 4800 сомдон 5200 сомго чейин сатып жаткандыгы аныкталган.
Буга байланыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан административдик протокол толтурулуп, 2 айып салынды жана мыйзамдын талаптарын аткарылышына эскертүү берилди.
Мындан ары көмүрдүн баасына күн сайын мониторинг жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек, текшерүүлөр министрлер кабинетинин 2021-жылды 11-октябрындагы №209 «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында жүргүзүлгөн.