7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта мушташкан жигиттер добуш талаштыбы же кыз талаштыбы?

938

Кечээ 8-ноябрь  Ноокат районунда эки талапкердин адамдарынын ортосунда мушташуу болгондугу тууралуу видео соц тармактарга жарыяланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуяны иликтөөгө алып тактоо киргизди.

Маалыматка ылайык мушташтан жаракат алган жаран райондук ооруканага кайрылган. Алдын ала текшерүүдө жабырлануучу окуя Көк-бел айылынан Папан айылын көздөй тааныш сүйлөшкөн кызына бара жатканда болгондугун билдирген.

Катышуучулары уруш спирт ичимдигин ичип алып кызуу болгондуктан жана тааныш кыздын айынан келип чыккандыгын шайлоого тиешеси жок экендигин айтышкан. Облустук милиция окуянын катышучулары кайсы бир талапкер же партияга расмий үгүтчу болуп катталганбы жокпу текшерүү үчүн боршайкомго билдирүү жиберген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

939