Кечээ 8-ноябрь Ноокат районунда эки талапкердин адамдарынын ортосунда мушташуу болгондугу тууралуу видео соц тармактарга жарыяланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуяны иликтөөгө алып тактоо киргизди.
Маалыматка ылайык мушташтан жаракат алган жаран райондук ооруканага кайрылган. Алдын ала текшерүүдө жабырлануучу окуя Көк-бел айылынан Папан айылын көздөй тааныш сүйлөшкөн кызына бара жатканда болгондугун билдирген.
Катышуучулары уруш спирт ичимдигин ичип алып кызуу болгондуктан жана тааныш кыздын айынан келип чыккандыгын шайлоого тиешеси жок экендигин айтышкан. Облустук милиция окуянын катышучулары кайсы бир талапкер же партияга расмий үгүтчу болуп катталганбы жокпу текшерүү үчүн боршайкомго билдирүү жиберген.