Ноокатта сел 5 адамдын өмүрүн алды, алдын ала маалыматтар боюнча алардын бири жашы жете элек бала.
Маалыматты ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары тастыктады.
Байзак Оторбековдун айтымында, жергиликтүү тургундар суу жээгиндеги тапчанда адамдар эс алып отурушканын билдиришкен. Сел катуу келген учурда анда алты адам болгон.
Азыркы убакта алардын бешөөнүн сөөгү табылып, аты-жөнү такталууда.