Ноокатта тамактануучу жайда 7 жаштагы баланы урган учур боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу 7-каналга Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-январь күнү социалдык тармактарда Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жаш баланы белгисиз жаран уруп жаткандыгы боюнча видеотасма жарыяланган.
Бул факт боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кечиктирилгис чара көрүлгөн. Тактап айтканда окуя кайсы жерде болгондугу жана жаш баланы уруп жаткан ким экендиги такталып, маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.
2023-жылдын 26-январь күнү саат 19:20 чамасында Ноокат районунун А.Мирмахмудов айыл аймагында Умиров участкасынын тургуну, 7 жаштагы М.Аны Ноокат шаарынын борбордук базарында жайгашкан “Элдос” кафесинин ичинде Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну, 30 жаштагы О уулу Т аттуу жаран уруп денесине жараат келтирген.
Жаш өспүрүмгө карата соттук медициналык экспертиза дайындалып текшерүү иштери жүргүзүлүүдө .
Текшерүү иштери Ноокат РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп, эмне себептен жаш баланы ургандыга такталууда.