Ноокатта баланы 42 жаштагы жаран тир куралы менен атып алган. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
2-май күнү милицияга шаардык ооруканадан кабар келип түшкөн. Анда, Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын тургуну 10 жаштагы бала үйүндө жыгылып түшүп жараат алып кайрылгандыгын кабарлаган.
Аталган факты маалыматтык электрондук журналына катталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө, 1-май күнү кечки саат 19.30 чамасында жабырлануучу көчөдө ойноп жүргөндө коңшусу Ноокат районунун тургуну пневматикалык ок атуучу тир куралы менен кокустан атып алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына алып баргандыгы аныкталган.
8-май күнү жабырлануучунун 46 жаштагы тайэнеси аталган окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча териштирүү иштери уланып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.