7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокаттагы “Кыргыз-Ата” паркында саркынды сууларды тазалоочу курулушка капсула салынды

395

Кечээ, 20-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында саркынды сууларды тазалоочу заманбап курулуштун пайдубалына капсула салуу аземи өттү.

Аталган иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жетекчилиги, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Бообек Ажикеев өз сөзүндө Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен экология тармагында маанилүү реформалар ишке ашырылып жатканын белгилеп, долбоор Европадан алынган заманбап технологиялар менен куруларын баса белгиледи.

Анын айтымында, саркынды сууларды тазалоочу курулушту каржылоо Президенттин фондунан жүргүзүлөт. Ал эми курулуш иштерин ӨКМдин “Талас көчмө механизациялаштырылган отряды” аткарат. Долбоор ишке ашырылгандан кийин аймактын экологиялык коопсуздугу камсыздалып, экотуризмди өнүктүрүүгө шарт түзүлмөкчү.

 

396