2 талапкер ортосунда таймаш кызуу жүрүп жаткандыктан программаларын кошо сунуштайбыз.
Добуштардын саны |
% | |
---|---|---|
№1 КОРГОНБАЙ УУЛУ ЖУСУПБЕК | 13 272 | 43.12% |
№2 АБДИВАЛИЕВ АРТЫКБАЙ ТУРАБИДИНОВИЧ | 2 584 | 8.40% |
№3 МАРИПОВ БАКЫТБЕК АСАМИДИНОВИЧ | 13 213 | 42.93% |
№4 БААРЫНА КАРШЫ | 859 | 2.79% |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:
- Ноокат аймагында туризмди жана ага тиешелүү болгон инфраструктураны өнүктүрүү;
- Ноокат шаарына көп кабаттуу үйлөрдү салуу максатында канализация куруу;
- Турак жай шартын жакшыртууга муктаж болгон жарандарга үй куруу үчүн жер тилкесин берүүнү жеңилдетүү жана зарыл болгон аймактарда калктуу конуштардын территориясын кеңейтүүгө жетишүү;
- Ноокат районунун борборунан аралап өткөн Ош–Исфана автожолунун 28-75 км аралыгында жолду ондоо;
- Оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн райондун борборун айланып өтүүчү альтернативдик жол ачуу;
- Өлкөбүздөгү кайрак жерлерге суу жеткирүү маселесин иликтөө жана тиешелүү структуралар менен иш жүзүнө ашыруу;
- Мамлекеттин социалдык-экономикалык турмушундагы Бюджеттик эмес фонддордун ордун белгилөө менен алардын өз алдынчалыгын камсыздоо;
- Социалдык төлөмдөрдү жашы 16 жашка чейин үзгүлтүксүз төлөө демилгесин көтөрүү;
- Кайра иштетүүчү ишканалардын санын көбөйтүү жана аларга жакшы шарт тузүү;
- Төрөт үйүндө ымыркайларга акысыз сүт берүүнү жана энелер торолгончо төрөт үйүндө көзөмөлгө алууну уюштуруу;
- Таза суу жетпеген айылдарды инвестиция тартуу менен ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
- Элет жериндеги жумушсуз аялдарга кыска мөөнөттүү окууларды уюштурууну колго алуу жана иш менен камсыз кылуу;
- Жогорку жана атайын-орто билим берүү системин герман моделине кайтаруу;
- Жогорку жана атайын-орто билим берүү мекемелеринде окуу программаларын бирдиктүү мамлекеттик стандартка алып келүү;
- Мугалимдерди окуу куралдар менен камсыз кылууну мамлекеттик бюджеттен кароо;
- Кыргыз Республикасынын чек аралаш районунда жана шаарларында кредит берүү саясатында үстөк пайызды кыскартуу маселесин демилгелөө;
- Кыргыз Республикасындагы ипотека базарынын моделин өзгөртүү;
- Ош областынын Ноокат жана Таш-Булак жергесин эркин экономикалык аймакка айландыруу;
- Ар кайсы мамлекеттик институттар тарабынан бирин-бири кайталоочу финансылык көзөмөлдөн арылуу.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:
- Ноокат шаарына турак-жай тартыштыгын жоюу максатында шаар ичине канализация тутумдарын куруу, саркындылардан тазало;
- Район калкынын жашоо шартын жеңилдетүү максатында өздөштүрүлө элек жерлерге мамлекеттик ипотекалык компаниясы менен келишим түзүп көп кабаттуу турак жайларды курууга көмөк көрсөтүү;
- Шаар ичиндеги тыгынды жоюу, ошондой эле шаардын тазалыгын, экологиясын сактоо максатында, айланма жолду куруу;
- Жаңы конуштардын статусун бекемдөө максатында иш алып баруу;
- Айылдардагы бүтпөй калган таза суу программасын аягына чыгаруу;
- Ноокат шаарынын инфраструктурасын жогорку деңгээлге жеткирүү максатында борбордук базарды жылдыруу;
- Көк-Бел айыл аймагына Ак-Буура дарыясынан суу чыгаруу үчүн түтүктөрдү орнотуу;
- Райондогу мектептердин мыкты окуган окуучуларынын жогорку окуу жайында билим алуусуна көмөк көрсөтүү;
- Райондогу социалдык маселелердин чечилүүсүнө жаңы мектеп, балдар бакчаларын курууга, эскилиги жеткендерди жаңылоого көмөк көрсөтүү;
- Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн (28-75 чакырымы) капиталдык оңдоп-түзөөсүн аягына чыгаруу;
- Элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталган мыйзамдарды иштеп чыгуу;
- Эркин бизнести жөнгө салуу максатында ага колдоо көрсөткөн мыйзамдарды.