7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокенде акимчиликтин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

351

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызмат адамдары жалпы аянты 173,4 кведрат метр түзгөн мамлекеттик мүлктү 36 жылга ижара акысынан бошотуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, бүгүнкү күндө ижарачы тарабынан бир сом төлөнбөй мамлекеттик мүлк коомдук ашкана катарында бекер пайдаланылып келингендиги аныкталган. Натыйжасында мамлекетке 1 млн 441 миң 846 сом зыян келтирилген.

Факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, анын тергөөсү УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына тапшырылды.

Учурда кылмыш иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

352