7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокендиктер быйыл 2286 тонна пахта жыйнашты. Кайда экспорттолот?

201

Ноокен районунун дыйкандары быйыл пахтадан мол түшүм алууда. Учурда 2286 тонна пахта жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дыйкандар Казакстандан жергиликтүү ишкер тарабынан сатып алынган 2 даана «JOHN DEERE» пахта жыйноочу комбайнды иштетүүдө. Бул техника 1 гектар аянтты бир күндө жыйнап берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, дыйкандардын ишин бир топ жеңилдетти.

Быйыл пахта терүү иштери Масы айылында башталды. Комбайндын ыңгайлуулугу жана ылдамдыгы жергиликтүү эл тарабынан жогору бааланууда.

Дыйкандардын айтымында, быйылкы түшүмдүүлүк жогору болуп, бир гектардан орто эсеп менен 40-45 центнерге чейин пахта алынууда. Район боюнча быйыл 2 597 гектар жерге пахта эгилген, бүгүнкү күнгө карата 2 286 тонна пахта жыйналды. Ал эми учурда пахтанын базардагы баасы 72-73 сомду түзүүдө.

Белгиленгендей, жыйналган түшүм пахта тазалоочу заводдорго жөнөтүлүп, кайра иштетилгенден кийин ички рынокко жана негизинен Кытай, Иран жана Европа мамлекеттерине экспорттолот. Бул аймактагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана калктын кирешесин арттырууга чоң өбөлгө болууда.

Айыл чарба адистеринин айтымында, жаңы техниканын колдонулушу эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, дыйкандарга убакытты үнөмдөөгө жана чыгымды кыскартууга жардам берүүдө.

202