Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленүүдө.
Иш-чаранын расмий бөлүгү саат 10:00дө башталды. Ал эми саат 12:30дан баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлеринин концерттик программасы тартууланат.
Мындан тышкары, жарманке, прикладдык искусствонун көргөзмөсү, спорттук оюндар жана башка оюн-зоок иш-чаралары өтөт. Ошондой эле, шаардын бардык райондорунда да майрамдык иш-чаралар өтмөкчү.