Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында Нооруз майрамына каратадаярдык көрүү максатында унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билидиришти.
Маалыматка ылайык, 17-марттан 22-мартка чейин Чүй проспектиси, Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин, Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү, Абдымомунов көчөсүнөн Чүй простпектисине чейин жабылат.