Ички иштер министрлиги Нооруз майрамына карата коопсуздук чараларын күчөтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин “Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” буйругу чыгып, ага ылайык Нооруз майрамын майрамдоодо коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча масштабдуу иш-чаралардын планы ишке ашырылууда.
Бул буйрукка ылайык, ички иштер органдарынын өздүк курамы ушул жылдын 20-21-март күндөрү күчөтүлгөн режимде кызматын өтөшөт. Маанилүү объектилер коргоого алынат. Майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүчү жайлардын коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Нооруз майрамын майрамдоонун алдында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ыкчам бөлүктөрү ыкчам-алдын алуу мүнөзүндөгү рейддик жана атайын иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Анын ичинде көчөлөрдө жана коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөөгө багытталган “Укук тартип” аталышындагы иш-чарасы өтүүдө.
Белгилей кетсек, майрам күнү коомдук тартипти камсыздоо үчүн республика боюнча 6 миңден ашык милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт.