7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рузахунов жана бир катар джаз аткаруучулары «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды

805

Кечээ, 18-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Кыргызстандагы джаз искусство өнөрүн алып жүрүүчүлөр менен жолукту. Жолугушуу эркин форматта өтүп, келген өнөр адамдары кенен пикир алмашты.

Азамат Жаманкулов алар менен биргеликте бүгүнкү күндөгү джаз искусствосундагы өксүктөр, буга чейин бул искусство өнөрүнө көңүл бурулбай келгени, мындай талантты таптоодо музыкалык билим берүү мекемелеринин ролу жана сейрек кездешүүчү өнөр адамдарын алып чыгууда кандай талаптар бар экендиги талкуулады. Өнөр адамдары буга чейин Министрлик джаз искусствосун көңүл сыртында калтырып келгендигин айтып, бүгүнкү кабыл алуу аларга болгон экинчи демдин ачылышы жана чоң колдоо катары кабыл алгандыгын белгилешти. Ошондой эле, сүйлөшүүдө Кыргызстанда апрель-май айларында джаз искусствосуна арналган эл аралык фестиваль өтөрүн маалымдап, анын өзгөчөлүгү жана салт катары үзгүлтүксүз өз алдынча өтүп келгендигин маалымдашты.

Өз кезегинде Азамат Жаманкулов аталган фестивалдын жүрүшүн биргеликте өткөрүүнү сунуштап, фестивалды аймактарда өткөрүүнү кошумчалады. Андан соң, министр өнөр адамдарына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды. Алар республиканын маданият жана искусство тармагынын джаз багытын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Рузахунов Викрам, Токтогулов Медербек, Касымов Айзар, Абдылдаев Аскар жана Кыдыкбаев Кубанычбек болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

806