7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурдан Орунтаев аэропорттогу куруучулардын санын 200гө жеткирүүнү тапшырды

34

Кечээ, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Манас” эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкция иштери менен таанышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр объектиде жүрүп жаткан ишти өз убагында мөөнөтүнөн кечиктирбей сапаттуу бүтүрүү үчүн жумушчулардын санын максимум 200гө жеткирүү боюнча тапшырма берген.

Ошондой эле, күндүзгү сменде туруктуу 120 ал эми кечки сменде 70-80 жумушчу иштөөсү керек экендигин белгиледи.

Эл аралык аэропортту реконструкциялоо долбоорун министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти иштеп чыкса, курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, “Манас” эл аралык аэропортун реконструкциялоо үстүбүздөгү жылдын эң маанилүү курулуш иштеринин бири болуп саналат. Аэропорттун инфратүзүмү болжол менен 39 миң чарчы метр аянтты ээлеп келген болсо, долбоорго ылайык, 18 миң чарчы метрге кеңейтилет. Мындан сырткары, заманбап skywalk-жабык өтмөгү курулат.

Ошондой эле, аэропорттун дизайны улуттук кологриттин негизинде толук өзгөртүлүп Манас атанын эстелиги коюлат. Ошол эле учурда эл аралык стандарттарга толук жооп берет. Мындан сырткары, травалатор, эскалаторлор орнотулуп, долбоорго ылайык экинчи кабатта бийиктиги 8,8 метр, туурасы 15,5 метр, узундугу 255,5 метр болгон күтүү залы каралган.

Бүгүнкү күндө батыш эстакадасын демонтаждоо, ички жасалгалоо жана экинчи кабатта гранит таштарды төшөө иштери жүрүп жатат.

35