Бүгүн, 28-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында курулуп жаткан жаңы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.
Министр курулуштун сапатына, колдонулуп жаткан курулуш материалдарына жана иштердин жүрүшүнө баа берип, курулуш темпин күчөтүү жана объектилерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүү боюнча подрядчы уюмдарга эскертүүлөрдү берди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Манас шаарында республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 6 жаңы мектеп курулууда.
Алар:
* Көк-Арт аймактык башкармалыгынын Ак-Тилек жаңы конушундагы 375 орундуу мектеп;
* Курманбек аймактык башкармалыгы, Г. Мамбеталиев көчөсүндөгү 750 орундуу мектеп;
* Т. Тайгараев аймактык башкармалыгы, Чолок-Терек айылы, А. Каримбеков көчөсү 29 дарегинде жайгашкан Т. Идирисова атындагы 375 орундуу мектеп;
* Спутник аймактык башкармалыгы, Манас проспектиси 13 дарегиндеги 530 орундуу мектеп;
* Достук аймактык башкармалыгы, Л. Фурманов көчөсүндөгү №5 Б. Осмонов атындагы 375 орундуу мектеп;
* Достук аймактык башкармалыгы, К. Тыныстанов көчөсүндөгү №21 Ж. Болотова атындагы 375 орундуу мектеп.
Аталган мектептер Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.



