7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурдин Дүйшөнбеков: «Мейкин» сыйлыгы үчүн мелдештин жыйынтыгы чыккан, жакында жарыяланат

282

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков: Декабрда журналисттерге «Мейкин» сыйлыгы тапшырылат, комиссия ишин аяктады, анын мүчөлөрү ар ким өз тандоосун жасады, жыйынтык чыккан, бирок жарыялана элек. Менин жеке оюмда, кыйын деген журналисттер же редакциялар өз эмгектерин конкурска жибербептир. Баардыгы болуп 400гө жакын эмгек келген экен, техникалык тандоодон 150гө гана жакыны өттү.

Маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзам долбоору Жогорку кеңештин кароосуна түшкөн, бирок президенттин тапшырмасы менен авторлор март айында аны артка чакыртып алган, жакын арада анын жаңыланган варианты кайрадан кароого коюлушу мүмкүн. Жалаа жабуу жөнүндө жаңы мыйзам болсо Жогорку кеңеште биринчи окуудан өттү, ал тууралуу бир топ сунуш-пикирлер жасалды жана эми долбоор экинчи окууда каралганда алар талкууланат.

283