7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нургазы Нишанов кайрадан «Кыргызнефтегаз» ишканасынын төрагасы болду

580
Бүгүн, 28-апрелде «Кыргызнефтегаз» ААКнын директорлор кеңешинин курамы тарабынан компаниянын башкармалыгынын курамы шайланды. Анда, «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов кайрадан шайланды.
Ошондой эле, башкармалыктын мүчөлөрү шайланды, алар:

— Заирбек Ажикулов
— Нурлан Абылов
— Руслан Алтымышов
— Кубанычбек  Сыдыков

«Кыргызнефтегаз» ишканасы 2023-жылдын 1-кварталында  39 708 тонна мунай өндүрүү пландалса, а бирок  иш жүзүндө 43 943 тоннага аткарылды. Башкача айтканда планга салыштырмалуу 4 235 тонна көп өндүрүлүп, биринчи үч айлыкта чийки мунайды өндүрүү 110,7% аткарылды.

Жаратылыш газын өңдүрүүдө компания 1-кварталда 9 млн 634 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 142,7%ды түзүүдө. 2023-жылдын 1-кварталында таза киреше 549,2 млн сом пландалса, үч айлыктын жыйынтыгында  855,2 млн сом таза киреше табууда. Белгиленген план 155,7% аткарылды.

Жыйындын жүрүшүндө Нишанов жумушчуларга жакшы шарттарды түзүп берүү максатында алдыда чоң жумуштар аткарылып жатканын айтып өттү. «Зорька» лагеринде жаны катедждер курулуп бүткөрүлдү. Ошондой эле жумушчуларды эс алдыруу үчүн Ыссык-Көл аймагынан пансионат сатып алуу жумуштары жүрүп жатканын белгилеп өттү.

Эске салсак, Нишанов «Кыргызнефтегаз»ААКнун башкармалыгынын төрагалык кызматын 2021-жылдын декабрь айынан баштап иштеп келүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581