7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурильич Токонбаев: «Ушундай темп менен кетсек, Кыргызстан аз убакытта чоң өзгөрүүлөргө барат»

615

Нурильич Токонбаев социалдык тармактагы баракчасына мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна салынган реабилитациялык борбордун курулушу боюнча пикирин билдирди.

“Ушундай темп менен кетсек, Кыргызстан аз убакытта чоң өзгөрүүлөргө барат. Калыстык үчүн айтып коеюн, президент Садыр Жапаров демилгеси менен Энерго тармакка чоң өзгөрүүлөр жана мыкты проекттер ишке ашууда. Таласта, Нарында жаңы ГЭСтер бүткөнү калды жана жаңы имарат, техникалар менен камсыз болду. Элдин жашоо жартына жараша арзан тарифтер коюлуп, Энергетика кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулады.
Мындан сырткары элди кубандырган жаңылык бул 12 жылдан бери талкаланып жаткан Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна 100 орунду реабилитациялык борбор курулгандыгы. Ушундай тездик менен курулуштар бүтүп жатканы жакшы саамалык. Тажик кол салуусунун кесепетинен талкаланып калган 700гө жакын үйдү мамлекет тургузулуп бүтүшүнө ишеним чоң. Мунун баары миллиарддаган акчалар! Мамлекетибизде көп жакшы жанылык, мыкты иштер боло берсин. Ынтымак менен кыргыз эли даалай кыйынчылыкты жеңип келген баатыр эл. Өнүгө берели биргеликте, ынтымакта. Бүгүн, президентибиздин туулган күнү экен, учурдан пайдаланып куттуктап, ишине ийгиликтерди каалайм! Аллах жолуңузду ачсын, кыргыз элине ак жолтой ажо болуңуз!”,-деди ал.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616