7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурлан Мотуев кармалды

525

Расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип Нурлан Мотуев кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

16-октябрда «Инстаграм» социалдык түйүнүнө мониторинг жүргүзүү учурунда, колдонуучу «nurlan_motuev_official» деген аталыш менен катталып, улуттук аз өкүлдөрүнө карата терс ой-пикирин айтып жасаган видео жарыялаганы аныкталган. Анда ал, улуттун аз өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет желелери аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган.

Бул факт боюнча тергөө иштеринин алкагында, изилдөө үчүн берилген материалдарда адамдын улуулугун, улуттук таандыктыгы боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун жана улуттар аралык касташуунун лингвистикалык белгилери болгон.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине ( расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

1969-жылы туулган Н.М. Бишкек шаарынын ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

526