7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Шакиев парламенттин аппараты менен жыйын өткөрдү

107

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын жетекчилери, бөлүмдөрдүн, ошондой эле фракциялардын катчылыктарынын башчылары жана алардын орун басарлары менен жыйын өткөрдү.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйынга төраганын орун басарлары Нурбек Сыдыгалиев менен Нурланбек Азыгалиев да катышты.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев өткөн жылы жасалган иштерге учкай токтолуп, мамлекеттин өнүгүшү парламенттин ишине түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи0.

«Андыктан, эл өкүлдөрү өлкөдөгү жаңыланууларга ылайык керектүү мыйзам долбоорлорун ыкчам кабыл алып, калк турмушун жакшыртууга багытталган бардык демилгелерди колдоп келе жатабыз. Албетте мында парламенттин Аппаратынын салымы чоң”, – деди ал.

Ошондой эле аппараттын кесипкөй иши жалпы парламенттин сапаттуу иштешине чоң таасирин тийгизерин белгилеген төрага ар бир бөлүмдү өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүп, белгиленген милдеттерин өз убагында, так аткарууга чакырды.

“Сиздер бир командасыздар. Ага ылайык, бири-бириңиздерди колдоп, ишиңиздердин сапатын жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды пайдалануу менен жаңы жылда жаңы багытта иштөөңүздөр кажет”, – деп кошумчалады.

Мындан сырткары жыйында алдыда жасалчу иштердин планы талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

108