7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Шакиев Түркмөнстанга расмий сапар менен барды

385

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөнстан Республикасына расмий сапар менен барды.

Төраганы Ашхабад шаарындагы эл аралык аэропорттон Түркмөнстандын Межлисинин төрагасынын орун басары Гахрыман Розыев баштаган жетекчилер тосуп алды.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин жетекчилеринин II жолугушуусуна катышат. Эскерте кетсек, 5+1 форматында уюштурулган мындай форум былтыр биринчи жолу Корея Республикасында өткөн.

Ашхабаддагы кезектеги жолугушуу расмий сапар менен уланып, төрага бир катар жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан маселелер талкууланып, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлер да каралары күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Данияр Толонов, Жанарбек Акаев, Русланбек Жакышов жана Жалолидин Нурбаев бар.

386