7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Шакиев Владимир Путин менен жолукту

324

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Москва шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери да катышты.

Баарлашууда эки жана көп тараптуу алакаларды арттыруу, айрыкча ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле байланыштарды бекемдөөдө парламенттик дипломатиянын ролу тууралуу сөз болуп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу зарылчылыгы белгиленди.

Мындан тышкары, аймактык коопсуздукту камсыздоо, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы сунуш-пикирлер айтылды.

325