7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Шакиев жарнамалар чет тилдерде жазылганын сынга алды

464

Бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жарнама жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, сунушталган долбоор колдонуудагы мыйзамды Конституцияга ылайык келтирүү, ошондой эле бланкеттик жана коррупциялык ченемдерди жоюу максатында даярдалган.

Талкуу маалында депутат Эмил Жамгырчиев долбоордогу беренелерге токтолуп, айрым тактоочу суроолорун узатты. Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов жарнама жаатында мыйзам бузуу аныкталганда кандай чара колдонуларына кызыкты. Өз кезегинде Министрлер кабинетинин өкүлү жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17 000 сомго чейин айып пулдар каралганын кошумчалады.

Муну менен катар депутат Жаныбек Кыдыкбаев жарнама ишине бөгөт коюудан мурун, жеңилдиктерди берүү сунушун берди.

Жыйын жүрүшүндө төрага Нурланбек Шакиев дагы маселенин олуттуулугун эске салып, “Сунушталган мыйзам жөнөкөй көрүнгөнү менен абдан маанилүү. Андыктан буга жеңил-желпи кароого болбойт. Айрыкча, бүгүн отурумга чакырылгандардын жооптору такыр канаттандырбайт. Эгер тийиштүү жетекчилер натыйжалуу иштегенде борбор калаабыз азыркыдай абалга келмек эмес. Шаарыбызды аралап көрсөк, борбордук көчөлөрдөн баштап, кичи көчөлөргө чейинки илинген жарнамалар дээрлик башка тилде жазылган. Бишкек башка өлкөнүн борборундай көрүнөт”, – деди. Муну менен катар тармакты көзөмөлдөгөн жетекчилердин ишмердүүлүгүн сынга алып, калаа башчыларын жарнама ишин көзөмөлдөөгө чакырды.

Андан тышкары, депутат Мирлан Самыйкожо менен Эмил Жамгырчиев мыйзамды толук иштеп чыгуу үчүн комитеттин кароосуна кайтаруу сунушун берди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору комитетке кайтарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

465