Сузак районунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрир» РКУнун экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлүгүнөн чыгаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында КРнын жарандары экстремисттик идеологиядан эл алдында 1975-жылы туулган Б.Х.М., 1965-жылы туулган Ю.С.Х., 1979-жылы туулган М.М.Н., 1979-жылы туулган Б.И.И жана Н.А.Т., 1980-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары баш тартышты.
Бул адамдар мурда “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.
Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган багыттын туура эместигин моюнга алып, жарандарды бул уюмдун ишмердүүлүгүнө Кыргызстандын аймагында жол берилбестигин билдирүү менен “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алдырбоого чакырышты.
Учурда УКМК тарабынан «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле тыюу салынган уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда.