7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурсултан Малдыбаев: Нурайым “Джентельмен” ырын эми такыр ырдабайт

7

Төкмө акын Нурсултан Малдыбаев келинчеги Нурайым Акылбекова “Джентельмен” ырын эми ырдабай турганын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазган.

Анын айтымында, ыр бардык каналдарынан өчүрүлгөн.

“Арыбаңыздар кадырлуу кыргыз элим! Жаңы жылыңыздар менен жалпыңыздарды куттуктаймын. Талкуу болуп жаткан “Лилия”чыгармасы боюнча…Текстин заманга ылайыктуу кылып чыгарсакпы деген гана жакшы ниетте ойлор болгон. Башында ютуб каналга расмий жүктөгөндө эле обону М.Рыскулбековдуку деп жүктөлгөн. Мен ар бирине жок мындай деп далилдеп бергенге убактым жетпейт экен. Биз Мукан Рыскулбеков атабыздын карындашы менен сүйлөштүк. Кечирим дагы сурадык. Бардык өзүбүздүн ютуб,инстаграм баракчабыздан өчүрүп алып таштадык. Башка чыгарган каналдарга да бир ооз кайрылып айттык, бирок өзүбүздүн каналдан толук өчүрдүк. Атабыздын карындашынан жана бизди жаман көрүп жаткан жалпы адамдардан кечирим сурайбыз. Экинчи бул ырды ырдабайт жана өзү жеке эч жакка чыгарбайт. Негизги ой жаңыча чыгарсакпы деген гана ой болгон аны менчиктеп алайын деген ойго дагы келген эмес, келбейт дагы. Ютубду ачса бакыйып М.Рыскулбековдуку деп башынан жазылып келе жаткан. Бирок кечирим суроо менен чыгарманы ютубдан өчүрдүк. Бар болуңуздар өнөр сүйгөн улуу эл. Жаңы жыл ар бириңиздерге ийгиликтүү жылдардан болсун”, — деп жазган ал.

8