Жогорку Кеңештеги «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды.
Маалыматка ылайык, депутат мандатын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча арызды бүгүн, 30-августта жазган.
Нуржигит Кадырбеков 22-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берип чыккан.