7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оң рулдуу унааны сол рул деп мыйзамсыз каттаган кызматкерлер аныкталды

564

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан оң рулдуу “Хонда Фит” автоунаасын сол рулдуу кылып каттагандар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул факты Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 329-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн адиси 1967-ж.т. Б.И. Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоого тыюу салынганына карабастан, 2008-жылы Японияда чыгарылган ак түстөгү “Хонда Фит” автоунаасынын рулу оң жакта экендигин билип туруп, сол жакта деген маалыматтарды киргизип, автоунааны мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөргөндүгү аныкталган.

Аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергелип, соттун кароосуна жиберилди.

Ошондой эле азыркы учурда Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан ушундай эле факты менен дагы бир кылмыш иши тергелүүдө. Анда “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан 2009-жылы Японияда чыгарылган көк түстөгү “Хонда Фит” автоунаасынын рулу оң жакта экендигине карабастан, сол жакта экендигин көрсөтүп, автоунааны мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүлгөндүгү белгилүү болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

565