7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окей, Учурашалы, Бактаалайбергенгүлүм… Кыргызстанда сейрек кездешкен ысымдар

136

2026-жылы Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдарга коюлган өзгөчө жана сейрек ысымдар аталды. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирет.

Маалыматка ылайык, сейрек эркек аттардын арасында: Шох Жохон Мухаммад Расул, Шахрух Мирза, Июльбек, Карышкырбек, Адмирал, Дасталбек, Байангалый, Густав, Джими жана Олимпиадабек бар.

Сейрек кездешкен кыздардын ысымдары: Ай, Алтынкирпик, Брилянтта, Врачкуль, Нарына, Алондра, Эйва, Мулан жана Бактаалайбергенгүлүм бар.

Ошондой эле Окей, Учурашалы, Кызмат, Эдельвейсберг, Чайжанкул, Тажмахол, Салсабилбиби, Джихуара, Хермес жана Равулькастро сыяктуу аттар катталган.

Бул жылы дагы Мухаммад жана Айлин аттуу ысымдар эң популярдуу аттардын катарын толуктаган.

137