7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Октон бир аскер кызматкери жаракат алган. Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алды

920

Бүгүн, 12-апрелде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен ок атышуу орун алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Селкана жерлигинде кызматын өтөп жаткан. Ал эми чектеш аймакта тажик чек арачылары пайда болуп, алар кыргыз аскер кызматкерлерин көрүп, мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгын көздөй багытын улантышкан.

«Кыргыз чек арачыларынын токтоп, чек ара сызыгынан өз аймагына өтүү талабына тажик чек арачылары көңүл бурбай, чек араны кесип өтүп, Кыргызстандын аймагына 20 метр тереңдикте кирип кетишкен.

Буга жооп кылып тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ок атышуу токтотулган.

Ок атышуулардын натыйжасында кыргыз тараптан жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, Тажикстандын бир аскер кызматкери октон жаракат алган.

Азыркы учурда Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат»,- деди маалымат кызматынан.

Саат 21.20 карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

921