Баткен облусунун чек ара тилкесинде кайрадан ок атышуу болгонун Чек ара кызматынан билдирди. Тараптардын жолугушуу учурунда экинчи ирет ок атышуу орун алды.
«Бүгүн, болжол менен саат 21:17 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда окуя болгон жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарды. Дагы 30 мүнөттөй ок атышуу болуп, анын кесепетинен кыргыз аскер кызматкери жаракат алды.
Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштады»,- дешти маалымат кызматынан.
УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин биргелешип кайтарылган чек ара тилкесинде кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жарандарды аткылоону токтотууга чакырат.