Бүгүн, 12-апрелде Кыргыз-тажик чек арасында эки ирет ок атышуу болуп, эинчи жолку ок атышууда Тажик тарап Баткендеги Достук айылын миномёт менен аткылап жатканы кабарланган. УКМКнын Чек ара кызматынан Тажик тарап Достук айылын миномёттон атууну токтотконун билдиришти.
«Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда. Жарадар болгон кыргыз аскеринин абалы оор деп мүнөздөлүүдө. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген. Жоокер операцияга даярдалууда», — дешти Чек ара кызматынан.
Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал чыңалуу бойдон калууда.