Окуумуштулар Британия штаммы менен коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптардын абалынын начарлашынын ортосунда эч кандай байланыш жок деп билдирди. Бул тууралуу «Lancet» медициналык журналы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, адистер COVID-19 инфекциясын жана Британия штаммын жуктуруп алган пациенттердин анализдерин салыштырышып эч кандай байланышты табышкан эмес.
«Биз бул оору менен Британия штаммынан өлгөндөрдүн ортосунда эч кандай байланышты тапкан жокпуз», — дешет окумуштуулар.
Буга чейин ушул эле журналга изилдөөнүн авторлорунун «Британия штаммы оор абалга алып келбейт», — деген пикирлери жарыяланган.
Ошол эле учурда окуумуштулар, Британия штаммын жуктуруп алуу коркунучу жогору экенин баса белгилешкен. Ал арада бул илдеттен эффективдүү вакциналар иштелип чыкканын айтышты.
Коронавирустун мутациясы SARS-CoV-2, Великобританиядан табылып В.1.1.7 деп аталган. Коронавируска караганда көбүрөөк оор кырдаалдарга алып келээрин баса белгилеп өтүшкөн. Учурда жаңы штамм 130 мамлекеттен табылды.