Казакстандык мектеп окуучулары аттестаттарын таштанды челекке ыргытып жаткан видео социалдык тармактарда тарады.
Соцтармактагы колдонуучуларды бул көрүнүш ачуулантып, аттестаттын сыртындагы мамлекеттик символго карата окуучулардын мындай кылган мамилеси көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан.
Айрымдары бүтүрүүчүлөрдүн мындай кылыгы үчүн жоопкерчиликке тартууну сунушташкан.