7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окуучулардын тамак-ашынан байыган шектүүлөр кармалды

1213

Балдардын тамак-ашынын негизинде мыйзамсыз баюу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө, жогорудагы адамдар, жеке материалдык пайда алуу максатында алдын ала бир чечимге келип алышып, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тамак-аш сатып алуу боюнча филиалдарга, продукцияларды жеткирүүчүлөргө ар кандай тендерлерде жеңиштерди ыйгарып турган. Ошондой эле, жалган фирмалар аркылуу жасалма тендерлерди өткөргөн фактылары такталды.

Аталган жарандар жасаган кызматтары үчүн өткөрүлгөн тендердеги сумманын 10 пайызын жеңдирип бергендиги үчүн дайыма алып турган. Ошону менен бирге иш жүзүндөгү каржылоонун кыскарышы жана берүүчүлөр тарабынан пайдага муктаждык балдарга берилүүчү тамак-аш азыктарынын сапатынын төмөндөшүнө түздөн-түз таасирин тийгизген.

Ошентип, К.А.К. нан азыктарын жеткирүү боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында сыйлык катары 220 миң сом өлчөмүндөгү акча каржатын алганы боюнча көрсөтмөлөр алынгын. Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени аныкталып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш азыктарын сатып алууга бюджеттик каражаттардын эсебинен 230 млн 141 миң сом бөлүнгөн. Тагыраак айтканда, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына (бала бакчаларга) 182 миллион 682 миң сом, мектептерге (1-4-класстар үчүн) 47 миллион 459 миң сом.

Учурда аталган жарандар УКМКнын тергөө жана убактылуу кармоочу жайына киргилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1214