7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Июнь окуясында массалык баш аламандык уюштургандар кармалды

664

2010-жылдын июнь айында массалык баш аламандыктарды жана Жалал-Абад шаарынын тургунун өлтүрүүнү уюштурган Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

12-сентябрда УКМК тарабынан Сузак районунун тургундары 1980-жылы туулган К.Х.М., 1972-жылы туулган А.А.А., 1961-жылы туулган К.П.Т., 1965-жылы туулган А.А.А., 1958-жылы туулган М.А.И. жана 1971-жылы туулган К.Ш.Т. кармалды.

Кармалган жарандар Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык баш аламандыкка чакырып, жол тосууларды уюштуруп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган карапайым элге кол салышканы аныкталган. Ошондой эле кармалгандардын бири Жалал-Абад шаарынын 1962-жылы туулган тургуну Т.З.К. аттуу жаранды өзгөчө мыкаачылык менен аталган посттордун биринде өлтүрүүгө катышканы аныкталды.

Кайрадан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК тарабынан 2010-жылдагы июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665