Сузактагы мектепте окуучунун бетине салют атылып кеткен деген видео социалдык тармактарга тараган. Билим берүү министрлиги окуя боюнча үн катып, директордун милдетин аткаруучу менен анын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары кызматтан кеткенин билдирди.
«Аталган мектептин 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү салтанаттуу иш-чара өтүп жаткан аянтка кирип келе жаткан. Бүтүрүүчүлөрдүн бири пиротехникалык каражатты күйгүзүп жаткан мезгилде 7-класстын окуучусу жанына бара калган, аны эч ким чакырган эмес. Натыйжада окуучунун жүзү күйүп калган. Учурда ал Жалал-Абад шаардык ооруканасында, абалы жакшы. Буга чейин жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине пиротехникалык каражаттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кол койдурулган. Мындан улам №16 С.Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин убактылуу директордун милдетин аткаруучу А.С.Нажмидинов жана директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары М.Абдуллаходжаева ээлеген кызматынан бошотулду»- деп берилет маалыматта.