Белгилүү олигарх Шаршенбек Абдыкеримов өзүнүн улуу кызына күйөө издеп кастинг жарыялады. Бул маалымат социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.
Маалыматка ылайык, кастинг 19-ноябрда саат 12:00дө Нарын облусунун Ат-Башы районунда болот. Анын кызына кызыккандар Кыргызстандын жана коңшу өлкөлөрдүн эң бай адамдары экени белгилүү болгон.
Шаршенбек Абдыкеримов коомчулукта “Шаки” деген ат менен таанымал. “Аю холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү. Кыргызстанда алдыңкы бай адамдарынын катарына кирет.
Бул маалыматты “Акипресс” маалымат агенттигине жарыялаган. Бул маалымат сайтка жарыялангандан кийин көпкө жетпей өчүп калды. Күйөө балдарга болгон талап жазылган эмес. Ошондой эле кызы тууралуу да маалымат жок.
Эскерте кетсек, Шаршенбек Абдыкеримов ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары бара жаткандыктан шайлоо фондунан акча төлөгөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram