7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Олимпиадага жолдомо алуу үчүн 8 балбан күч сынашат

490

Кыргызстандык сегиз балбан Париж Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн күч сынашат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жарыяланды.

Дүйнөлүк олимпиадалык квалификациялык турнир Түркиянын Стамбул шаарында 9-майда башталат. Анда Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. Мелдеште ар бир салмак боюнча үч балбанга лицензия берилет.

Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышат:

Кыз-келиндер күрөшү боюнча:

— Сезим Жуманазарова – 57 кг.

Грек-рим күрөшү боюнча:

— Азат Салидинов — 87 кг;
— Үзүр Жусупбеков — 97 кг;
— Роман Ким — 130 кг.

Эркин күрөш боюнча:

— Орозобек Токтомамбетов — 74 кг;
— Атай Изабеков -86 кг;
— Андрей Аронов — 97 кг;
— Айаал Лазарев — 125 кг.

Эл аралык турнирде грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге биринчилерден болуп чыгышмакчы.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 9 лицензия бар.

491