7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү башкаруу реформасы боюнча изилдөө өткөрүлдү

533

Ханнс Зайдель фонду Кыргызстанда жүрүп жаткан аймактык-башкаруу реформанын жүрүшүн изилдеп чыкты. Бул иш мурдагы депутат Аалы Карашев тарабынан 2023-жылдан баштап 2024-жылдын январь айына чейин жүргүзүлгөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча жолугушуу болуп, анда бир катар маселелер көтөрүлүп, сунуштар жасалып, кызуу талкуу жүрдү. Жыйында айтылган сунуштар Жогорку Кеңешке дагы бериле турган болду.

Конференцияга район акимдери, эксперттер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, ошондой эле, Зайдель фонду аркылуу билимин жогорулаткан активисттер жана журналисттер катышты.

Ханнс Зайдель фонду мындай изилдөөлөрдү 2021-жылдан бери өткөрүп келет.

 

534