7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19: “Омикрон” 77 өлкөдө аныкталып, тездик менен жайылып баштады

814

Коронавирустун жаңы омикрон штаммы тездик менен жайылууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы катчысы Тедрос Гебреисус билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Omicron үч жума мурун алгач Түштүк Африкада табылган. Учурда, омикрон штаммы 77 өлкөдө аныкталган.

«Омикрон штаммы тез жайылып жатат. Коронавирустун аталган штаммына байланыштуу ооруканаларда кайрадан бейтаптардын агымы күч алышы мүмкүн»,-деп билдирди Тедрос Гебреисус.

Эске салсак, Британияда 27-ноябрда Omicron вариантын жуктурган биринчи учур аныкталганда премьер-министр Борис Жонсон катаал чектөө киргизип, инфекциянын жаңы толкуну келе жатканын билдирген.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөсүнө ылайык, “омикрон” коронавирустун башка штаммдарына караганда тез тарайт жана эмдөөгө туруштук бере алат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

815