7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Он өлкөнүн суучулдары Кыргызстанда тажрыйбасын жогорулатууда

449

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ӨКМдин Суучулдар борборунда дүйнөнүн 10 мамлекетинен келген суучулдар тажрыйбасын жогорулатууда.

Алсак, Казакстан, Россия, Сауд Арабия падышачылыгы, Малазия, Сербия, Палестина, Тунис, Мали, Иордания, Ливан мамлекеттеринен жалпы 10 суучул келген.

Окуу-тренингдин жүрүшүндө ӨКМдин окутуучу-суучулдары тарабынан бийик тоолуу аймактагы сууда 30 метр тереңдикке чейин түшүү, суу астындагы авариялык-куткаруу, техникалык жумуштарды жасоо, биринчи жардам көрсөтүү, кесиптик оорулардын алдын алуу боюнча практикалык жана теориялык сабактар өтүлүүдө.

Белгилей кетсек жыл сайын Кыргызстанга Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун алкагында башка өлкөлөрдүн тоо куткаруучулары жана суучулдары кесиптик тажрыйбаларын жогорулатуу максатында келишет. Тренинг 5-16-августка чейин өтүп, соңунда дүйнө мамлекеттеринде тааныла турган сертификаттар тапшырылат.

450