Жайкы XVII Паралимпиада оюндарында өлкө намысын биринчи жолу төрт спортчу коргойт.
28-августтан 8-сентябрга чейин Франциянын борбору Париж шаарында XVII Паралимпиада оюндары өтөт. Кыргызстандын атынан биринчи жолу төрт спортчу катышат.
Паралимпиадага катыша турчу спортчулар:
Пара дзюдо — Маматибраим Суранов (73 кг);
Пара пауэрлифтинг — Миргүл Болоталиева (86 кг);
Пара триатлон — Айтунук Жоомарт кызы (Ангелина Блиндул коштоочусу);
Пара жеңил атлетика — Гүлназ Жүзбаева (Фернас Юлия коштоочусу).
Жайкы XVII Паралимпиада оюндарында жалпы 22 спорттун түрүнөн 549 медаль топтому ойнотулат.