Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылынын аксакалы президент жасап жаткан иштерге суктанып, ыраазычылыгын билдирди.
Анын айтымында, президент 60 жылдан бери жасалбаган жумуштарды аткарып келе жатат.
“ Бизде жол өтө жаман эле, анын кесепетинен көп жамандыктар болчу, 60 жыл мурун эле Усубалиевге жалдырап жүргөнбүз жолду оңдоп берүүсүн суранып. Бардык президенттерге жалынып жүргөнбүз. Азыр биздин айылга көңүл бурулуп, жолдор оңдолуп жатат. Түнкү саат 1де балдар иштеп жатышат, аларга да рахмат. Садыр Жапаровдун командасына рахмат”,-деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram